www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын банктарында кардарлар рекорддук көлөмдөгү акчаларды улуттук валютада кармап турушат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеп аз убакытка жана мөөнөтү аныкталбай салынган акчалар туурасында жүрүп жатат. Алардын ээлери жеке, юридикалык тараптар жана Кыргызстандын жарандыгы жок адамдар.

Өткөн жылдын аягын алып караганда, кардарлар жалпысынан 180,9 миллиард сом салышкан. Былтыр көлөм 27,2 миллиард сомго өскөн.

Төмөндө түшүндүрмө:

улуттук валютада 103,3 миллиард сомдон ашуун акча сакталган (бул рекорддук сумма, бир жылда 8,8 миллиардга өскөн);

чет элдик валютада сомдун көлөмүндө алганда 77,7 миллиард сомдук акча сакталган (бул рекорддук сумма, дээрлик 18,4 миллиард сомго көбөйгөн).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости