www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын куралдуу күчтөрү премьер-министр Никол Пашиняндын жана ал башкарган өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы 25-февралда тараткан билдирүүдө «Армения республикасынын премьер-министри, өкмөтү армян эли туш болгон курч кырдаалда адекваттуу чечим кабыл ала албай калышты», - деп жазылган.

Муну менен алар Башкы штабдын жетекчисинин биринчи орун басарынын иштен алынышына каршы чыгышты. Бир күн мурда Пашинян генерал-лейтенант Тиран Хачатрянды кызматтан алган.

Пашинян аскерлердин бул билдирүүсүн «аскердик төңкөрүш катары» баалады.

«Мен Башкы штабдын билдирүүсүн аскердик төңкөрүш катары карайм. Өзүмдүн тарапташтарымды Республика аянтына чыгууга чакырам» - деп ал Facebookка жазды. Көп өтпөй Пашинян аянттагы өзүнүн колдоочуларына кошулду.

Былтыр сентябрда Тоолуу Карабакта болгон алты жумага созулган куралдуу жаңжалдан кийин Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акциялар күч алган болчу.

Армян оппозициясы ок атышууларды токтотуу боюнча Армения, Азербайжан жана Орусиянын үч тараптуу келишимине кол койгондугу үчүн Пашинянды айыптап келишет. Ал өз өлкөсүнүн кызыкчылыктары үчүн ушул кадамга аргасыздан барганын билдирген. Келишимге ылайык 44 күнгө созулган куралдуу кагылышта Азербайжан 1990-жылдардын башына чейин өзү көзөмөлдөгөн аймактарды эле эмес, дагы бир катар райондорду, анын ичинде Карабактын байыркы борбору Шуша шаарын да өзүнө алган.

Пашинян кызматтан кетүүдөн баш тартып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости