www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан зыянкеч чегирткелерге каршы күрөш жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Иш-чараны жыл сайын ведомствонун алдындагы Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти өткөрүп келет.

Работы по борьбе с саранчовыми вредителями для сохранения продовольственных угодий на полях и огородах частных домохозяйств в Кыргызстане

"Быйыл 70 миң гектарга жакын аянтты чегиртке капташы мүмкүн деп божомолдонуп жаткан. Мындай болсо өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы ыктымал", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен маалымдашкандай, Кыргызстанга чегирткелер менен күрөшүүгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) колдоо көрсөтүп келет.

Работы по борьбе с саранчовыми вредителями для сохранения продовольственных угодий на полях и огородах частных домохозяйств в Кыргызстане

"Аталган уюм чегирткелер жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону санариптештирүү үчүн планшеттерди сатып алууга жардам көрсөткөн. Эми бул планшеттер жалпы онлайн ASDC тутумуна туташтырылды. Системада Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү тууралуу маалымат болгондуктан, адистер коңшу өлкөлөр жөнүндө дагы билип турушат", — деп айтылат билдирүүдө.

Работы по борьбе с саранчовыми вредителями для сохранения продовольственных угодий на полях и огородах частных домохозяйств в Кыргызстане

Июнь айынын аягына чейин республикада 38 миң гектар жер изилденип, анын ичинде 28,4 гектарында чегиртке бар экени аныкталды. Алар:

Жалал-Абад облусунда — 14 миң гектар;

Ош облусунда — 5,5 миң гектар;

Баткен облусунда — 8,7 миң гектар;

Чүй облусунда — 1,2 миң гектар.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 27,8 миң гектар жер дарыланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости