www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Элдик-боштондук армиясын дүйнөдөгү алдыңкы армияга айландыруу зарыл. Бул тууралуу төрага Си Цзиньпин Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү куралдуу күчтөрдү, коргонуу тармагын модернизациялоону тездетүү керек.

«Күчтүү өлкө күчтүү аскерлерге ээ болушу керек. Күчтүү армия гана улуттук коопсуздукту камсыз кыла алат», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кытай өзүнүн куралдуу күчтөрүн 2035-жылга чейин модернизациялап, замандын талабына жооп бере турган күчкө айландырууну көздөөдө. Кытай аскерлеринин саны 2 миллионго жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости