www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды, деп билдирди бүгүн, 1-июлда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
Ушул жылы 17-апрелде Искен менен Эрмек (ысымдары өзгөртүлдү) Бишкек шаарынын тургунуна өздөрүн УКМКнын жетекчилигине жакын адам деп тааныштырып, УКМКнын абагына камакка алынган кишини эркиндикке чыгарып берүүгө убада беришкен. Ошондой эле абактагы адамдын үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотуп берүүнү да убадалашкан. Ал үчүн Искен менен Эрмек 65 миң доллар алып, бирок акчаны алгандан кийин качып кетишкен.
Алданган жаран 22-июнда милицияга кайрылган жана бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталган.
Октябрь РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты. Алар 1998-жылы туулган Э.И. жана 1997-жылы туулган Ж.Э. экени белгилүү болду.
Шектүүлөр СИЗО-1 абагына 2 айга камакка алынган.
Милиция шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жогун иликтеп жатат. Ошондуктан кармалган 2 жигиттен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдар болсо 0709 414 941 телефон номуру же «102» кызматы аркылуу байланышка чыгууну суранат.
Булак: NazarNews.kg