www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйыныгын чыгарып кеңейтилген курамда коллегия өткөрдү.
Колегияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Имааналиев ачып, 2020 – жыл ичинде жасалган иш аракеттер жана 2021 – жылы жасала турган приоритеттүү багыттарга токтолду.
Кеңейтилген коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, министрликтин борбордук аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр, мекеме жетекчилери, өлкө сыймыгы болгон маданият жана спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
Анда 2020- жылы дүйнө жүзүн каптаган короноврус инфекциясынын улам бир катар маданият иш- чаралар өтпөй калгандыгы айтылып, бирок ага карабастан, Министрлик бир катар иш-чараларды онлайн форматта өткөрүп, маданий иш-чаралардын деңгээли жана сапаты түшкөн жоктугу айтылды.
Пандемия шартында маданий мекемелер карантинге жабылганы менен кесиптик искусствону өнүктүрүү, китепкана, музей, театр, тарыхый маданий мурастар жана эл аралык байланыштар тармагынын иштери онлайн жана аралыкта үзгүлтүксүз иш алып баргандыгы баса белгиленди.
Булак: NazarNews.kg