www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Европа Бирлиги тарабынан каржыланган "Медиа Диалог" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыккан жумушчу топ жана эксперттер менен биргеликте талкуулады.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу учурунда бир нече ай бою талдоолордон жана кеңири консультациялардан кийин иштелип чыккан Маалымат саясатынын Концепциясынын долбооруна бир катар сунуштар айтылды.

Министр өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Маалымат саясатынын концепциясынын иштелип чыгуусу маанилүү жана зарыл документ экендигин белгилеп, медианы өнүктүрүү саясаты абдан актуалдуу экендигин кошумчалады. Өз кезегинде, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жана биздин өнөктөш "Медиа Диалог" долбоору медиа секторду, мамлекеттик органдарды жана жарандык коомду тартуу менен маалыматтык саясатты иштеп чыгууда натыйжалуу иштешти. Бүгүнкү айтылган сунуштар жана сын-пикирлер Концепцияны дагы иштеп чыгууда эске алынышы керек. Ошондой эле, министр маалымат жаатындагы мыйзам базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарга макул экендигин айтып, Маалымат департаменти бул багыт боюнча иштейт”, - деп кошумчалады Кайрат Иманалиев.

Ал эми "Медиа Диалог" долбоорунун менеджери Чолпон Ногойбаева Концепцияны иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын, журналисттик коомчулуктун, жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү бардык кызыкдар тараптардын жигердүү катышуусу менен бир топ иштер жасалгандыгын белгиледи. «Концепцияны иштеп чыгуу учурунда 21 терең маектешүү, 2 практикалык семинар, 4 ири талкуу, медиа сектордогу кеңири бир катар талкуулар жана жалпы 572 адамдын катышуусунда сурамжылоолор өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди. Маалыматтык саясат концепциясын иштеп чыгууга жалпысынан 500гө жакын адам тартылган. Талкуунун жүрүшүндө Концепциянын долбоорунун бардык бөлүмдөрү каралды. Андыктан, бүгүн Жумушчу топтогу кесиптештерибиз ушул чоң иштин натыйжалары менен тааныштырышат. Учурдан пайдаланып жигердүү жана жемиштүү кызматташтыгыбыз үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине терең ыраазычылыгымды билдирем. Биздин кызматташуубузга кубандык”, - деп кошумчалады.

Жумушчу топтун мүчөлөрү Концепциянын долбоору боюнча сунуш- пикирлерди эске алуу менен, июнь айынын аягына чейин иштеп чыгып, Өкмөткө жөнөтө тургандыгын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости