www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө. Кыргызда астейдил жүргөндөрдү баалап, баркташат. Чыгармачылык түйшүктү, эмгекчилдикти талап кылат. Марат аганын: “Бардык жерде профессионалдуулук биринчи орунда туруусу зарыл. Чала сабат режиссёр, актёр же операторлорго жол бербешибиз керек. Ошондо гана кыргыз киносу жана театры өнүгөт. Келечек жаштардын колунда” деп айтканы бар. Көп жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында үзүрлүү эмгектенип келет.

- “Деӊизди сүйсөӊ толкундарын кошо сүй, учкуӊ келсе кулаганды да бил» деген учкул сөз жашооӊузда кездешкенби?

- Бул сөз бекерден айтылган эмес. Эгерде жашооӊ бир калыпта өтсө, жашоонун кызыгы барбы? Жаратканым бул жалган дүйнөдө ар бирибизге сын тартуулайт, ошол сынды ким кандай көтөрө алат ал ар бир инсандын өз эрки. Чыгармачылыкта…үй-бүлөдө…достукта…Турмуштун ой-кыры бирде саамайдан сыласа, бирде ызгаар суугуна чыйрыктырып алмайы бар. Ошондуктан көӊүл көкөлөткөн күндөргө балкып, көӊүл чөктүргөн жашоого моюн суна сабырдуулук менен жубайым экөөбүз жеңип келебиз.

- Чөйрөгө жарык берүү үчүн өзүӊ от болуп күйүшүӊ керек дешет. Заманыбыздын залкарынын от сымал күйүп турган ролдору көпчүлүктүн эсинде.  Кайсы режиссёрлор менен иштешип калдыӊыз?

- Жаратканым бешенеме энчилеген өнөрүмдүн арты менен не бир залкар режиссёрлор менен чогуу иштешпеди дейсиӊ... Москвадан бүтүп келген соӊ, курсташтар чогуу С. Ибраимов атындагы Ош драма театрына орношконбуз. Биз менен чогуу бирок режиссёрлукту бүтүп келген Искендер Рыскулов менен иштештик. Искендердин бүтүндөй турган-турпаты режиссёрлукка сугарылган бейм. Анын ар бир койгон спектакли көрүүчүнүн тулку боюна мөлтүр булактай тереӊ сиӊип, бой балкыта, жүрөк отун тутандырчу. 1887-жылы КРнын эл артисти Генадий Базаровдун “Өспүрүмдөр үчүн приют” тасмасында алгачкы жолу роль жараттым. “Аномалия”, “Каракыз”, “Метамарфоза”, “Ноненс» тасмаларына тартылдым. КРнын эл артисти З. Эралиевдин “Шайтандын мөөрү” тасмасында роль жараттым.

- Мейли театрда болобу же тасмадабы ийнине жеткире аткарган мыкты профессионал актёрсуз. Тасма менен спектаклдын кандай айырмачылыгы бар?

-  Союз убагында көркөм кеӊеш деген болоор эле. Эгер спектакль бышып жетилмейин кабыл алчу эмес. Спектаклде роль аткарып жатып көрүүчүнүн ички сезимин туясыӊ. Ал эми тасмада такыр башка. Тасмадагы катачылыктарыӊды оӊдой албайсыӊ, айырмасы ошол.

- Союз маалында тартылып калган профессионал актёрдун азыркы тартылып жаткан тасмаларга берген баасын уксак…

- Акыркы кезде кыргыз тасмасын өнүктүрүү үчүн жаш режиссёрлордун чыгып жатканы кубандырбай койбойт. Себеби өзүм аралашып тартылып жүргөн соӊ, алар тарткан азаптарды чогуу көрүп келүүдөмүн. Мисалга алсак: “Президент жана бомж”, “Атанын керээзи” жана башкалар.

- Ар бир актёрго аткарыла элек роль кызыктуу экени абзел. Сиздин дагы кыялданган ролуӊуз бардыр…

- Мен мейли театрда болобу же тасмадабы армансыз роль аткардым. Бардык жанрдагы спектаклдер бактыма туш келгенине шүгүр деймин. Биздин драматургдардын чыгармаларынан тарта, дүйнөлүк классикага чейин ойнодум. Ч. Айтматовдун “Ак –Кемесинде”-Момунчал, “Фудзиямадагы Кадыр түндө”-Исабек, “Сократтын эскерүү түнүндө”-Сократ, “Бетме-Бетте”-Ысмайыл, -“Кылым карытар бир күндө”- Сабитжан, М. Гогольдун “Текшерүүчүсүндө”- Шестаков, М. Ауэзовдун Каракөздө-Сырымды, У. Шекспирдин “Гамлетинде”-Гамлет, “Чыӊгызхандын ак булутунда” -Чыӊгызханды жана башкаларды аткардым.

Чыгармачыл адамдардын өз почерки болот. Жан-дүйнөмдүн өзгөчөлүгү, ички туюмум ар бир жараткан ролумда өз почеркимдин изи калган. Бардык жерде профессионалдуулук биринчи орунда туруусу зарыл. Чала сабат режиссёр, актёр же операторлорго жол бербешибиз керек. Ошондо гана кыргыз киносу жана театры өнүгөт. Келечек жаштардын колунда.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости