www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарын актай барактан баштап, саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди дагы үй камагына чыгаруу керек. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев парламентте билдирди.

Эл өкүлү парламенттик шайлоо өтүп, Конституция өзгөргөндөн кийин бир аз гумандуу, айкөл саясатка өтүүгө чакырды.

"Бирөө-бирөө менен телефондон сүйлөшүптүр", "кафеде тамак жеп отуруп минтип сүйлөптүр" деп эле камай берсек Кыргызстанда саясатчы калбайт. Биз эмне бекинип отуруп сүйлөшкөн заманга келебизби? Бакыт Жетигенов кесиптешибиз да конкреттүү далили жок жерден кармалды (бийликти басып алууга даярдык көргөн деп шектелүүдө — ред.). Далил болсо түшүнөт элек", — деди Акаев.

Ошондой эле депутат күч органдарына кайрылып, туруктуу саясат уланышы үчүн баарын камай берүү туура эмес экенин айтты.

"Адилеттүү карагыла, мисалы, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана башка саясатчылар жөн эле отурат. Актай барактан баштап, жакшы бир экономикалык өнүгүүгө түшүп, саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да үй камагына чыгарыш керек. Эч жакка качып кетпей тургандан кийин ар кандай суроолорго жооп алса болот. Өч алуудан кетип, тарыхты актай барактан баштайлы", — деди Акаев.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартып, абактан чыгаруу чечимин чыгарды.

Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун иши боюнча депутаттык комиссия жыйынтыгын түштөн кийин жарыялайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости