www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын ата-энелери борбор калаанын мэринин кеңешчиси Асхат Осмоновдун соцтармактагы билдирүүсүнө нааразы болушууда.

Бүгүн ал Facebook баракчасына ата-энелердин митингинен сүрөт жарыялап, “Шаардык мэрияда иш күндөр. Митингчилерге караганда журналисттердин саны көп болгондо”, – деп жазып койгон.

Бул билдирүүгө нааразы пикирлерин айткандай көбөйүп, аны кемсинтүү катары кабыл алгандар болууда.

Эске салсак, бүгүн Бишкек мэриясынын алдына бир топ ата-энелер чогулуп мамлекеттик мектеп жана бала-бакчалардын салттуу режимге өтүүсун талап кылып, нааразычылык акциясын уюштурушкан.

Аларга жолугууга чыккан вице-мэр Айжан Чыныбаева мектептерди ачууга эпидемиологиялык абал жол бербей жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости