www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдо Нияз жазма адабиятынын көч башы экендигин аныктоочу мезгил эми келип, ал үчүн ⅩⅩ кылымдын аягында гана жагымдуу жагдай түзүлдү. Ушул күнгө чейин адабиятты изилдөө майданында ат салышып келе жаткан илимпоздорубуз эмнегедир Молдо Нияздын чыгармачылыгына белсенип киришүүгө даай алышпады. Макалаларында анын ысымын атоо менен чектелип, адабиятыбызга ат көтөргүс аброй алып келчү инсандардын чыгармачылыгы көмүскөдө калды.
Эгерде өз учурунда ыраматылык академик Болот Юнусалиев Молдо Нияз жөнүндө изилдеп, ага көз кырын салбаганда, балким, ушул күнгө чейин келип жеткен акындын кол жазмалары таптакыр жоголуп да кетмек. 1989-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган Тайтөрө Батыркуловдун макаласы менен акындын эки ыры Молдо Нияз жөнүндөгү окурмандардын түшүнүгүн бир аз кеңейтти. Шүгүрчүлүк, Молдо Нияздын үч китебинин кол жазмасы Кыргыз илимдер академиясынын кол жазмалар казынасында сакталып турат. Акыркы күндө үч китептин кыргыз адабиятынын тарыхына бирден бир жан күйгүзгөн изилдөөчү, акын Омор Сооронов араб тилинин мугалими Раушанбек Зулпукаров менен бирдикте араб тамгасынан кириллицага көчүрүп, айрым сөздөрдүн түшүнүктөрүн жазып бүттү. Ошентип, Молдо Нияз окурмандардын кеңири катмарына, көзү өткөндөн кийин жүз жылдын чамасында белгилүү болот экен.
Молдо Нияз Эрназар уулу Ош облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Туулган жылы жөнүндө азырынча так маалымат жок. Кызыл-Булактын 63 жаштагы Кадыр уулу Эшпай аксакалдын айтымына караганда Молдо Нияз 75 жашында дйнөдөн өткөн экен.
- Менин атам, – дейт ал киши, -1896-жылы, эскиче жыл эсеби боюнча маймыл жылы туулган экен. Молдо Нияздын көзү өткөндө атам 2-3 жашар бала экен. Демек, Молдо Нияз 1823-жылы туулуп, 1898-жылы дүйнөдөн кайткан экен деп болжосок болчудай. Бул маселени кеңири тактоо али келечектин иши.
Молдо Нияз жаш кезинен арабча окуп үйрөнүп, Каратегиндеги медреседен билимин өркүндөтүп, андан ары Кашкардан, Маргалаңдан окуган. Өз заманынын эң билимдүү адамы болгон. Адам, фарсы, эски түрк тилдерин билген. Ошол тилдердеги адабияттарды кадимкидей окуп өздөштүргөн. Элдердин арасында анын кадыр-баркы мусулман илиминин катарында өтө жогору бааланган. Маселен, Каратегинде бирге окуган досу Өмүрзактын Молдо Нияздын көзү өткөндө келип кошок айткан ыры азыркыга чейин элдин оозунда айтылып жүрөт.
Молдо Нияз досум ай,
Кара бир атын токуган.
Калктын, журттун ичинде,
Каадалуу куран окуган.
Молдо Нияз досум ай,
Көк боз атын токуган.
Көпчүлүктүн ичинде,
Көркөмдүү Куран окуган.
Молдо Нияз досум ай,
Ак боз атын токуган.
Алымдардын ичинде,
Аллага куран окуган...
Молдо Нияздын теги ичкиликтердин найманы, ата-бабалары бий, молдо болуп өткөн. Анын небере-чөбөрөлөрүнүн маалыматтарына караганда кубары сүмбүл бий болгон экен. Андан Дулдул бий, андан Булат бий, андан Кочкор бий, андан Сазан бий, андан Молдо Рахман, андан Адыл. Адылдан Кошон, Кошаалы, Битике. Кошондон Мырзаян, Куюк, Куюктан Арык, Эштай, Эрназар, Молдо Пинназар. Эрназардан Молдо Нияз, Жусупаали жүз баш, Эсенкул, Мамадилла, Абдилла. Молдо Нияздан Мырзакул, Раззак. Мырзакулдан Жунусаали, Бекмырза, Ташбүбү. Бекмырзадан Кундуз, Садык, Мойдун, Эсен деген урпактар тараган. Азыркы күндө Кызыл-Булакта гана эмес, райондун бардык аймагында Молдо Нияздан тараган урпактар жашап жатышат.
Молдо Нияз ушул чөлкөмдө, а балким, бүтүндөй кыргыз жергесинде биринчи жолу мектеп-медресе ачып, жаш балдарды араб тамгасы менен окуткан алгачкы агартуучу мугалим. Кызыл-Булактагы Айдар деген аксакал жакында эле көз жумган. Ал киши жети жашында Чоң-Кара-Дабан деген жерде Молдо Нияздан таалим-тарбия алышкандыгын, анын окуткан дарстары кызыктуу экендигин, ар кандай чыгыш акындарынын, өзүнүн ырларын окуп бергендиги жөнүндөгү маалыматтар элдин ичиндеги аңыз кеп болуп айтылып жүрөт. Анын агартуучулук ишмердиги жөнүндө өзүнчө сөз кылууга арзый турган маселе.
Молдо Нияздын заманынын улуу акыны, улуу тарыхчысы гана эмес, чыгаан географы, илимпозу, табыпчысы да болгон. Анын чыгармаларында кыргыз жергесинин түндүгү менен түштүгү, бүткүл Орто Азиянын аймагында өткөн тарыхый окуялар кенен камтылган. Ал ⅩⅠⅩ кылымда жашап өткөн кыргыз элинин залкар адамдары Курманжан, Шабдан, Полот хан жана эл бийлеген нечен-нечен деген манаптар менен оозмо-ооз сүйлөшүп, кеңири пикир алышып, элдин, жердин тагдырына кам көргөн кыргыздын азамат уулдарынын бири.
Акын поэзиясында кеңири таркаган санат насыят ырларынын тээ түпкүрүндөгү башаты дагы Молдо Ниязга барып такалышы мүнкүн. Ал бүткүл чыгыш адабиятынын мыкты үлгүлөрүн өз боюна сиңдирип, аны мурдатан келе жаткан элдик ырлардын үлгүсүнө салып, жазма адабиятыбыздын пайдубалын өткөн кылымдын орто ченинде эле түптөп койгон экен. Азырынча так маалымат жок, бирок куйма кулак карыялардын айтымына караганда ал ондон ашуун ыр китеп жазган экен. Алардын ичинен үч китептин бизге келип жетиши – бул кыргыз элинин, кыргыз адабиятынын улуу бактысы. Азырынча үмүт үзбөй туралы, балким, калгандары да элдин ичинен табылып калышы ыктымал. Балким, ал китептер ушул чөлкөмдөгү эле элдин ичинде, же чаң баскан чоң-чоң шаарлардын архивинде, Ооганстан, Кашкар сыяктуу чет жерлерде кимдир бирөөлөр тарабынан таберик буюм катары сакталып жүргөндүр, ким билет...
Жакында Кадамжай районуна барып, Молдо Нияз жөнүндө иликтеп жүрүп Охналык Жолборс аксакалдарга жолугуп калдым. Анын айтуусу боюнча Молдо Нияз өз колу менен анын атасынын бир санат китебин белек кылып берген экен. Ошондо Молдо Нияз “Сенин илимге кызыгып жүргөнүңдү билем. Мына бул ыр китебимди бир аттын кунуна берген эмес элем. Сага тартуу кылдым. Жоготпой окуп жүр!”, - дептир. Ошол учурда бир аттын кунуна жети дилде турчу экен.
Мен анда жаш элем. Атам Молдо Нияздын ырлары деп окуп калчу. Бир жолу Ноокаттык Акун молдо деген досу келип: “Окуп берейин”, - деп сурап алып кетти. Кийин ал китепти бербей койду. Бул болжол менен 1924-жылы эле. Кийинчирээк атамдын көзү өтүп кетти. Акун молдону издеп артынан сурамжылап барган жокмун. Ал киши кайсыл экенин да сурап калбаптырбыз. Китептин тагдыры эмне болду, балдарына калтырдыбы же дагы бирөөгө берип жиберип изин сууттубу, ачыгын айталбайм”- деди Жолборс аксакал. Акындын бир китебинин тагдыры мына ушундай.
Дагы бир китебинин таржымалын сураштырып Тамаша айылылына бардым. Тамашалык Момбаев Пакыридиндин айтуусу боюнча, Абдирайим деген молдодо Молдо Нияздын китеби болчу экен. Бир жолу Пакыридин аксакал Чоң-Алайда жүрүп, колун кесип калат. Каны токтобойт. Ошондо бирге жүргөн шериктеши Ысаков Муса аны Кызыл-Булакка карай ат менен мингизип алып жөнөйт. Жол алыс. Жол катары ал Пакыридинге Молдо Нияздын ырларын ырдап келет.
- Бул ырларды кимден үйрөндүң? - деп сураса ал:
- Абдырайим молдодон үйрөнгөнмүн,- дейт.
- Ал кишиде Молдо Нияздын китеби бар эле. Кечинде анын үйүнө чогулуп алып, түн ичи ыр окуп чыкчуубуз. Ошондо чоң атабыздын ырлары көкүрөккө жат болуп калган экен - деп айтыптыр. Кийин китеп кимдин колунда калды, ал белгисиз.
Молдо Нияздын үчүнчү китебинин дареги Тамашалык 63 жаштагы Кожобай уулу Молдо Абдысадык аксакалдан уктум. Ал кишинин айтуусу боюнча, таякеси Маматаалиде Молдо Нияздын бир санат китеби бар болчу экен.
- Китептин көлөмү бир топ чоң эле. Маматаали таякем кечинде үйүндө топтолгон элге ошол китепти окуп берчү. Мен да арабча окуй баштаганда ошол китепти окуп жүрдүм. Ал китеп эски түрк тилинде жазылган эле. Кол жазмадан көп эле адам окуй албайт. Мага таякем көп жардам берип үйрөткөн. Кичинемде Молдо Нияздын көп санат ырларын билчүү элем. Азыр эстесем Молдо Нияздын көргөнүн көргөндөй бетке таамай айткан, эч кимден коркпогон, бай-манаптардын тескери кылык-жоруктарын ашкерелеп жазган акын болгон экен. Адамды ыймандын жолуна, абийирдүүлүккө, ынтымак-ырашкерликке, көп нерсени билүүгө чакырган анын көптөгөн санаттары бар эле,- дейт Абдысадык аксакал.
Ким билет, жогорудагыдай аксакалдардын айткан китептери бир эле китептин көчүрмөсүбү же башка китептерби? Же мурда табылып тил, адабият институтунун кол жазмалар казынасында сакталып турган китептерби? Бул маселелер да келечекте тактоого муктаж.
Молдо Нияз ырлары дээрлик ичкилик диалектисинде жазылган. Анын сөздөрүнүн маани-маңызын түшүндүрүп, жалпы кыргыз окурмандарына жеткирүү бир топ машакаттуу, илимий изилдөөлөрдү талап кылчу иш экендигин айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, ичкилик диалектиси жөнүндө азырга чейин олуттуу илимий эмгектер жазылган жок. Жазылса да үстүрттөн жазылып, бул маселе тилчи илимпоздордун кызыгуусун туудурбай келгендиги маалым. Ыраматылык Жээнбай Мукамбаевдин толук томдугу чыкпай калган “Диалектикалык сөздүгүнүн биринчи томдугун эске албаганда бул маселе мыкчыгерлер тарабынан атайын куугунтукка алынып келгендигин жашырууга болбойт. Биринчиден, Молдо Нияз, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу өткөн доордогу акындардын ырларына “эскиликтин жышааны жыттанат, эски заманды даңктайт” деген жардык тагылып келгендиги чоң тоскоолдук кылган болсо, экинчиден, алардын кол жазмасына “тиштери” өткөн чыгаан илимпоздордун жоктугунан, болгондорунун мажестигинен Молдо Нияз сыяктуу кыргыз элинин атагын бийикке көтөрө турган жылдызы, сыймыгы көмүскөдө калып келди.
Кыргыз жазма адабияттын эң бир чыгаан көч башчысы, анын тунук кашка мөлтүр башаты тээ ⅩⅠⅠ кылымдын ортосунда эле башталгандыгын, өз башынан гүлдөгөн доорду өткөргөндүгүн, ошол замандагы адабий тилибиздин калыптанышына зор таасир тийгизгендигин, Молдо Нияз ошол эле заманда тарых, философия, саясат, география, медицина боюнча олуттуу ой жүгүрткөн коомдук ишмер, залкар талант экенин бир гана өзүбүз туюп билбестен, аны өзүбүздүн кадыр-баркыбызды, адабият, маданият деңгээлибизди башка элдерге жеткирүү үчүн ишенимдүү далилдин негизинде жар салсак эмне болот эле?
Биз өзүбүздүн адабиятыбызды, маданиятыбызды, тарыхыбызды өз убагында сактай албай калдык. Молдо Нияз “Каапырды Кудай зор кылды, аяк асты мусулман басылганга күйөмүн”,- деп жазгандай, өзүбүздүн ким экенибизди таамай, так айталбай эгемендүү эл болгончо басынып келдик. Өзүбүздүн нагыз рухий дөөлөтүбүзгө ээ боло албай көз кырыбызды ата-бабаларыбыздын не бир кадыр-касиеттүү, нукура фалсафий көркөм мурастарына бурбастан, рухий дүйнөбүздүн гүл азыгын чет элдердин адабият менен маданиятынан издедик. Өзүбүздүн рухий көчөтүбүздү башка жактан алып келинген топурактын кыртышына өстүрүүгө аракеттендик. Өзүбүздү-өзүбүз жеригенден арданбадык, намыс көрбөдүк. Себеби “а” деген арипти үйрөнгөндөн баштап, бизге советтик мектептин системасы: “Сен кечээ гана адам болдуң. Жазма адабиятын жок. Караңгысың, түркөйсүң, эч нерсе билбейсиң”,- деп бизди басынтып жер карама, күнкор кылып тарбиялады. Ошонун кесепетинен Молдо Нияз сыяктуу акындарыбыз өз убагында ачылбай, элге-журтка жетпей көмүскөдө калып кетти. Аны билсек да билмексенге салдык. Акыйкатты айтып ийсек оозубуз күйүп кала тургандай абалда жашадык. Пушкин менен Лермонтов орус адабиятына кандай эмгек сиңирсе, кыргыз эли үчүн Молдо Нияз да ошолордон кем эмес эмгек жасап кеткендигин, болгондо да ошолор менен доордош жашагандыгын айтуудан айбыктык, ошентип, айтууга кудурет-күчүбүз, илим-билимибиз, деңгээлибиз жетпей жүрүп кашайдык.
Элибизде “Өткөн ишке салават” деген сөз бар. Эми ал жөнүндө канчалык кабыргабыз кашайып сөз кылбайлык, башка бирөөлөр келип жардам бербейт. Биз өзүбүз шымаланып киришишибиз керек. Быйыл Кадамжай районунун эли акын бабабыз Молдо Нияздын арбагын сыйлап, жетимиш төрт жыл боюу оозго алынбай келген адамга ызаат-урмат көрсөтүп,”маареке тоюн өткөрүп коёлу” деген демилгени көтөрүшүптүр. Бул, албетте, жалпы кыргыз журтчулугу колдоого ала турган жакшы жөрөлгө. Бул кыргыз адабиятынын, кыргыз рухунун мурда-кийин кайталангыс майрамына айланышы абзел. Менин оюмча, бул ишти бир гана райондун эмгекчилерине, тууган-уруктарына жүктөп коюу жарабайт. Молдо Нияз жалпы кыргыз элинин сыймыгы, жазма адабиятынын көч башы, азырынча ⅩⅠⅩ кылымдагы жападан жалгыз акындыкты кесип кылып жашаган акын болгондон кийин анын маарекесин жөндөн жөн эле аш бергендей өткөрүп коюу бир жактуу, чектелүү болуп калат. Эн биринчи кезекте Молдо Нияздын колдо болгон китептеринин чыпчыргасын коротпой тезирээк даярдап, өзүнө жыйнак кылып чыгаруу керек.
Экинчиден, калайык калкка жете турган Молдо Нияз жөнүндө макалаларды мезгилдүү басма сөздөрдө көбүрөөк жарыялоо зарыл. Молдо Нияз деген ким? Анын адабияттагы орду кандай бааланат? Анын акындык дарамети, көркөм дүйнөсү, адамдык касиети, көтөргөн тарыхый жүгү кандай? Анын өзгөчөлүгү эмнеде? Ал кандай кыртышта өскөн? Өзүнөн кийинки акындарга кандай үлгү көрсөтүп, кандай таасир калтырган? Ушул суроолорго жооп берчүү эмгектер сөзсүз жарыяланышы керек. Бул маселелер оңой-олтоң иш эмес. Адабияттын тагдырына күйгөн адабиятчылар, акын-жазуучулар кол кабыш кылса жакшы болоор эле.
Эгемберди Эрматов, акын, драматург
Булак: NazarNews.kg