www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Буюрса, «Жерүйдүн» ийгиликтүү иштеп кетиши, биринчи кезекте Кыргызстандын инвестициялык климатына жана имиджине чоң салым болот», - деди бүгүн, 23-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Алишер Мамасалиев.

- Алишер мырза, «Жерүй» алтын кенин ачылышын айрымдар Кыргызстандын утулушу катары сыпаттап, экинчи «Кумтөр» афёрасы десе, айрымдар инвестициялык климат өзгөргөнүн, жакшы жаңылык болгонун айтышууда. Кандай пикирге көбүрөөк ынансак болот?

- Менин оюмча «Жерүй» сыяктуу ири инвестициялык эл аралык долбоорлор Кыргызстанга сөзсүз керек. Ал эми «Жерүйдүн» ачылышына Кыргызстандын президенти жана Россиянын президенти Владимир Путиндин теле көпүрө аркылуу катышышын саясий кепилдик катары көрсөк болот.

Ошон үчүн Кыргызстан үлүшкө ээ болбой калат деп ойлобойм. Кечээге ачылышына чейин эле аталган компания ошол фабриканын курулушуна 410 млн. $ лык инвестиция салыптыр. Биздин бюджетке 900 млн сом которуп, Таласта түзүлгөн «Бакубат Талас» Фондуна 600 млн.сом которгон экен.

Буюрса, «Жерүйдүн» ийгиликтүү иштеп кетиши, биринчи кезекте Кыргызстандын инвестициялык климатына жана имиджине чоң салым болот. Буюрса, жыл сайын 100 млн. $ республикалык бюджетке түшөт жана жергиликтүү бийликке жыл сайын 2 пайыз түшөт. Жаңы жумуш орундарын айтпай эле коёюн. Мындай инвестициялар ар бир аймактарда болсо, бул өнүгүүгө чоң салым кошот. Ошон үчүн мен мындай долбоорлорду колдойм. «Жерүй» экинчи «Кумтөр» афёрасы болбойт деп ишенем. Себеби, көп нереселер өзгөрдү, өзгөчө элдин ишеними жана ою өзгөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости