www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүйдө тамакка ууланды делген жумушчулардын анализдери чыкты

Жерүйдө тамакка ууланды делген жумушчулардын анализдери чыкты. Бул тууралуу Талас облустук санитардык жана эпимедиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкова билдирди. Анын айтымында, ооруканага кайрылган Жерүйдүн жумушчулары тапшырган анализдердин жыйынтыктарында уулануунун белгилери болгон эмес:

“Бул факты 18-мартта катталыптыр, бизге маалымат кеч жетип 20-мартта барып текшердик. 15 кызматкердин үчөөнөн анализ алдык, калгандары жумуш ордуларында экен. Жыйынтыгы кадимки эле ич өткөк (гастроэнтероколит) болгону аныкталды. Буга так себебин айта албайм, анткени жасалган тамактар эреже боюнча муздаткычта 3 күн сакталган эмес. Эгер сакталганда ошол тамактар текшерилмек”.

21-мартта «Фейсбук» колдонуучусу Султанбек Аманбеков Жерүй кенинде 18 адам тамакка ууланганын жазган. Ал кызматкерлер жумуштан чыгып калуудан коркуп эч кимге айтпай жаткандыгын билдирген.

Жерүй кенин иштеткен «Альянс алтын» компаниясы 22-мартта бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түшүндүрмө тараткан. Ишкананын маалыматы боюнча, 20-мартта компаниянын медициналык кызматкерлерине ден-соолугуна байланыштуу өзүн начар сезип 15 адам кайрылган. Алардан анализдер алынып Таластын санэпидстанциясына жөнөтүлгөнү кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости