www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уккан кулакта жазык жок демекчи акыркы мезгилде Бишкек шаарынын экс-мэри, Нариман Түлеевдин тегерегиндеги талаш-тартыш токтомок турсун тескериче, күч алып жатканын эшиттик. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жаңы президент шайланганга чейин, жогорку кызматтагы айрым шүдүңбайлар  Нариман Түлеевдин кыймылсыз мүлктөрүнө көз артып, туугандарына таандык болгон  имараттарды да ляппай деген соттордон “мыйзамдуу”  чечимдерди чыгарта салып, колго алганы жатышыптыр.

Эсиңерге салсак, мындан бир нече жыл мурун экс-мэр Нариман Түлеевге  кылмыш иши козголуп,  абакка олтургузулган. Бирок, сот Түлеевди миллиондогон айып пул төлөттүргөндөн тышкары, ишке такыр тиешеси жок Наримандын туугандарынын жана аны менен жакшы санаалаш болуп жүргөн адамдардын да ээлеген мүлтөрүн камакка алып, алардын үйлөрүн, батирлерин, айдоо жерлерин жана ар түрдүү имараттарын тартып алганга аракет көрүп жатканын кулагыбыз чалып калды.  Барынан кызыгы, Нариман Түлеевдин ишине эч кандай тиешеси жок болсо дагы анын балдарынын, туугандарынын, жакындарынын, керек болсо, ата-энесинин үй-жайларынан бери тизмеге кошуп алышып, учурда конфискация жолу менен мыйзамдаштырып тартып алуу операциясы жүрүп жатыптыр.

Баарынан кызыгы, ошол мүлктөрдү башкарыш үчүн, бийлик ыкчам түрдө Мамлекеттик мекеме түзө салыптыр. Ал мекеме азыр Мамкаттоодон мүлктөрдү өткөрө салып, “ФУГИнин” коштоосу менен тымызын жогору жактагы адамдарга бөлүштүрүп коюптур дейт. Алсак, Улуттук университеттин маңдайында жайгашкан “Сапат бизнес борборуна” башкача айтканда, имаратка Финполиция көз салганы тар чөйрөдө айтыла баштады. Кыскасы, ал имаратка Финполициянын катардагы кызматкери же анын бөлүм башчысы эмес, Финполицияны башында турган аны тейлеген адам алгысы келип жатыптыр. Болбосо, катардагы кызматкерлер ал имаратка ээлик кылуу кыялы болсо да,  жогору жактын макулдугусуз эшигин да ачып кире албайт да.  

Айта кетчү  нерсе, аталган  бизнес борбору 2006 – жылы тагыраак айтканда, Нариман Түлеев мэр боло элек мезгилде, анын атасы, Ташполот аксакал тарабынан курулган. Учурда атасы курган имарат экенине карабай бийликтегилер тартып алууга аракет кылып жатышат. Баса, жогору жактагылар көз артып, ээлик кылып калсам экен деген имараттар “Сапат бизнес борбору” менен эле бүтүп калбайт. Түлеевдердин дагы башка мүлктөрү жогору жак  менен макулдашылып,  ким канча алат, ким кайсынысына ээлик кылат, башкарат деп тымызын ич ара бөлүшүп, устукан сыяктуу жиликтеп жатыптыр. 

Чамасы, шеф кете электе, колдо бийлик бар кезде, кара күчтү колдонуп болсо да,  эптеп Наримандын мүлктөрүн ээлеп алалы деген максатта катуу аракеттенип жатышат окшойт. Болбосо, Наримандын эле эмес, анын ага туугандарынын, санаалаштарынын мүлктөрүн кошо тартып алууну көздөшбөйт эле да. Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту демекчи буйрук болбосо, ал имараттарды алам деген күндө да алалышпайт. Же алып алган күндө да кези келгенде баш ооруу болуп. ашыгы менен төлөй турган абалга кептелишерин көрүп эле жүрөбүз го.

Булак: "Майдан.кж"

Последние новости