www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми бүгүн, 5-апрелде Бишкекте Башкы консулдуктун жана Орусия элчилигинин катышуусунда РФдагы келген ун түрүндөгү жардамды өткөрү берүү иш-чарасы болгон.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мептеп окуучусуна максаттуу таратууга багытталган.

Жардам берүү Орусия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы фондуна 9 млн доллар көлөмүндө ыктыярдуу максаттуу төгүмдөрүнүн алкагында ишке ашты.

«Орусия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка дагы эл аралык долбоорлорду каржылоону улантат. Орусиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болду», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости