www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 3 млн сомдук аткезчилик товарлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылында «Мерседес Бенц 814D» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда өлкө аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан аялдардын жана эркектердин ар кандай кийимдери, ат жабдыктары, (ээрлер, ноктолор) жана башка буюмдар табылган.

Товарлардын жалпы наркы 3 млн сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости