www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 2020-жылдын 18-июнь күнү саат 13:50 чамасында Жаңы-Турмуш айылындагы Киров көчөсүндөгү болжол менен №31 турак үйдөн өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен Киров көчөсүндөгү жайгашкан жалпы аянты 235 чарчы метр болгон №31 турак үй жана жалпы аянты 190 чарчы метр №29 турак үйү жана сарайы, Мукумий көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн аянты 100 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарайы толук күйгөн.
Мындан сырткары Киров көчөсүндөгү №27 турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана Мукумий көчөсүндөгү №26 турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн жалпы аянты 615 чарчы метр.
Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн жана ККББдан ыкчам топ, мындан сырткары ИИМден 14 кызматкер, шаардык газ кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Булак: NazarNews.kg