www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-февралда Ошто совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылышынын 32 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Россия Федерациясынын Оштогу генералдык консулу Роман Свистин, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаар тургундары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын башында стеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди бир мүнөт эскеришип, куран окушту.

Вице-мэр Эмиль Шадыханов Ооган жергесине тынчтык орнотуу үчүн интернационалисттик милдетин ар бир жоокер абийирдүүлүк менен аткарганын, бул согушка тарых өз баасын бере тургандыгын кошумчалады.

Учурда Ош шаарында 350 интернационалист жоокер, алардын ичинен 4 Ооган согушунун майыбы жашайт.

Мындан тышкары, жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылганын 32 жылдыгынын урматына интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости