www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто “Женго” каймана аты бар кримтөбөл изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдириди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-февралында КР УКМК тарабынан кылмыштуу топторго уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн алкагында кылмыш иши боюнча Ош облусунда жана Ош шаарында издөөдө жүргөн "Женго" кайманаты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бир катар даректердеги тинтүүлөрдүн натыйжалары боюнча, тергөө органдарынан жашынып жүргөн Кадыр Досонов, Ош шаарынын аймагындагы үйлөрдүн биринен жеке үй буюмдары жана жеке гигиена каражаттары, ошондой эле уюлдук телефондор табылып алынды. Мындан сырткары тыюу салынган буюмдар, анын ичинде баңгизат дагы табылган.

Учурда, Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте К.Досоновдун турган жерин жана камакка алынгандыгын аныктоо боюнча “Перехват” планы жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости