www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Редакцияга окурмандарыбыздын бири  аялдамаларда көңүл бургула деп илинип турган баракты көтөрө кириптир. Анын колундагы баракка үңүлө караганда крим чөйрө менен да,  ИИМдеги коррупционерлер менен да байланышы бар 1981-жылы туулган  Исмаилов Кылыч Болотовичден сак болгула деген жазуу көзгө урунду.  

Андан ары барактагы маалыматка көз чаптырганда, Исмаилов Кылыч түрдүү жолдор менен адамдардан алдап, акчаны алып,  берген убадасын аткара албай калганда берген акчаңды таап бер деп талап кыла баштаганда сен күтпөгөн кадамдарга барып, сөгүп, орой мамиле жасап, ал тургай, турган жерден укук коргоо органдарына жем боло турган подстваларды уюштурууну адатка айлантып алганы жазылыптыр.

Урматтуу окурман, жакындарынын жана жакшы санаалаштарынын ишениминен чыккан Исмаилов Кылыч Болотовичтен силер да сак болгула. Бүтпөгөн ишиңерди бүткөрүп берем, жогору жакта таанышым бар десе бал тилине алданып акчаңарды алдырып, тынч жашооңорду азаптуу жашоого буруп албагыла деген таризде  аялдамаларда көңүл бургула деп илинип турган маалыматты жарыяладык.

Баса, бул кишини көрсөңөр же мындан  жабыркаган болсоңор Кыргыз Республикасынын прокуратурасына кайрылгыла.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости