www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда укук коргоо органдарынын кызматкерлери, депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү иштеп жаткан кылмыш жана административдик-укуктук кодекстерден чыккан маселелерди талкуулашты. Иш чарага Ички иштер министринин орун басары, полковник Нурбек Абдиев катышты. Анда жаткан кылмыш-жаза жана административдик-укуктук багыттар боюнча кодекстеринин ченемдери менен укуктук камсыздоонун көйгөйлөрүн ошондой эле жаңы кодекстердин долбоорлору боюнча негизделген сунуштарды иштеп чыгуу каралды.

Ошондой эле Ички иштер министрлигин кызматкерлери тарабынан бир канча сунуштар дагы берилди.

Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана миграциялык процесстерди, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болушуна байланыштуу маселелерди жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Учурдагы кылмыш жана административдик-укуктук кодекстердин ченемдеринде ушул ажырымдын болушу иш жүзүндө Кыргыз Республикасында мыйзамсыз миграцияга каршы турууда олуттуу таасирин тийгизди. Ага байланыштуу чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокторду Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү эрежелерин бузган учурда жоопко тартуу ошондой эле өлкөдөн чыгарып салуу жоопкерчилигин киргизүү керек.

Коомдук коопсуздукту ошондой эле үй-бүлөлөрдүн жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдуу чараларды көрүү укуктары каралууда. Үй бүлөгө зордук-зомбулук келтирген адам өзүн мас абалында жана агресивдүү алып жүрөөрү практикада көп кездешет. Ушул кырдаалдарда Ички иштер органдарынын башкы милдети - үй-бүлөлүк зомбулукту өз убагында токтотуу жана алдын алуу, ошондой эле кыска убакыттын ичинде жабырлануучуга карата зордук-зомбулуктун күчөп кетишине жол бербөө. Ага байланыштуу, ошол учурда агрессивдүү адамды жабырлануучудан коргоого мүмкүндүк берген административдик камакка алуу түрүндөгү санкциянын болушу. Жаранды административдик камакка алуу сыяктуу таасир этүү механизминин жоктугунан, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айып пул салынган адам жабырлануучуга кайтып келип, кайрадан мыйзамсыз иш-аракеттерин уланткан учурларда иш жүзүндө тобокелчиликти алып келет.

Санкцияны кайра карап чыгып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерин аткаруучу башка адамдардын  мыйзамдуу буйругуна баш ийбегендиги үчүн үч күндөн беш күнгө чейинки мөөнөткө административдик камакка алуу түрүндөгү жазаны Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 371-беренесине ылайык долбоорго киргизүү каралууда. Жогорудагы берененин 2-бөлүгүндө өзгөчө кырдаал абалын алып келгендиги үчүн 7 суткага чейин административдик камакка алуу түрүндөгү санкция белгиленген;

Учурда тиешелүү тажрыйбасы, материалдык-техникалык базасы жана даярдалган адиси жок башка мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо жаатындагы бир катар мыйзам бузууларды карап чыгуу жана чечимдерди кабыл алуу компетенциясы (Кодекс 129-135) ички иштер органына кайтарып берүү укугу каралууда;

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 52- "Атайын тапшырманы аткаруу" беренесинин  (учурдагы 55-берене) мазмунун 1-бөлүгүн кеңейтүү: «Кылмыш бетин ачуу максатында уюшкан кылмыштуу топтун катарына кошулган жаран, кылмыштуу топтун демилгеси менен укук коргоо органдарына атайлап зыян келтирген учурда, мыйзам чегинде  жоопкерчиликке тартылбайт»

Атайын тергөө аракетин жургүзүү учурундагы иш аракетти «ыкчам-иликтөө иши» боюнча мыйзамга өзүнчө акт катары киргизүү;

Тергөө органдарына кылмыштын алдын алуу, аныктоо жана ачуу жана аларды жасаган адамдарды издөө боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын өз алдынча жүргүзүү укугун берүүчү негиздерин мыйзамдаштыруу. Мыйзамда белгиленген тартипте (Кылмыш кодексинин долбоорундагы 39-беренесинде) жана ошол эле учурда «Ыкчам-иликтөө иши» жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу.  "Ыкчам издөө иши" мыйзамынан, «ыкчам издөө иш-аракетин» өз алдынча жүргүзүүгө укугун  (жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине таасирин тийгизбестен) берүү менен, тергөө сотунун уруксааты менен, прокуратуранын көзөмөлү астында жүргүзүлөт (аткаруучулар: ыкчам жана ИИМдин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аскердик чалгындоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмдөрү тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча);

Жактоочуларга карата атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө тыюу салуу, анткени бул жобо баарынын мыйзам жана сот алдында теңдигинин конституциялык принцибине каршы келгендиктен «Атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн негиздер жана шарттар» (учурда 212-берене) боюнча долбоордогу 224-берененин 10-бөлумүн карап чыгуу.

Жарандыгы жок жана чет элдик жаран мыйзам бузган учурда «Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү», өлкөдөн чыгып кеткенче 1 ай мөөнөтүндө атайын жерлерде «амнистративдик камакка алуу» боюнча КРдин административдик кодектерин өзгөртүү демилгеси колдоодо;

Тегерек столдун катышуучулары сунушталган сунуштардын тизмеси дагы бар экенине ынандырышты. Тегерек столдун жүрүшүндө айтылган сунуштар менен катар, талкуунун жыйынтыгы боюнча жаңы демилгелер жаралышы мүмкүн.

Ички иштер министрлиги колдонуудагы кодекстердин ченемдерин укуктук жактан колдонуунун көйгөйлөрүн изилдөөнү улантат жана тегерек столдун катышуучуларынын кылмыш жана Административдик укуктук кодекстеринин долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгелерди иштеп чыгуу жана жөндөө боюнча сунуштарын изилдейт.

Эске сала кетсек, ушул беренени Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алышы керек.

Эгер 2019-жылы кабыл алынган мыйзам өз ордунда кала берсе, карапайым калк мындан ары дагы какшап кала берет. Элдин шорун кайнаткан батышчылдар жазган берененин үзүрүн жактоочулар жана “кас мыйзамды сүйгөндөр” көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости