www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана облустун активи менен жолугушту.

Чогулгандардын алдында Садыр Жапаров көпчүлүк жарандарды кызыктырган 2020-жылдын 10-январына белгиленген Президенттик шайлоо боюнча суроого өзүнүн позициясын билдирип, шайлоого талапкер катары катышарын кошумчалады.

«Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиледи деген суроолор айтылууда.  Жогорку Кеңеш өз убагында Президенттик шайлоонун датасын белгилей алышкан жок. Ошондуктан бул милдет автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өттү. Мыйзам чегинде БШК  шайлоо күнүн белгиледи. Мен буга чейин билдиргендей, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам — мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт деп так белгиледи.

«Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш — бул административдик ресурс. Мен өзүм муну менен биринчилерден болуп күрөшөм!  Буга чейин эч бир кызматтык коррупциялык иштерге аралашкан жокмун. Тескерисинче, анын курмандыгы болдум. Элдин үнүн бийликке жеткирем деп жүрүп — камалдым. Бирок Кудай бар экен, элим бар экен — баарын орду-ордуна коюп койду. Элден айланса болот. Баарыңыздарга түбөлүк башымды ийип таазим этем», — деди Президенттин милдетин аткаруучу. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости