www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептерди 11-ноябрдан тарта ачуу маселеси каралууда

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев мектептерди ачуу маселесин азырынча ар бир мектептин өз жетекчиси өз шартына ылайык карап жатканын билдирди.

«Экинчи чейректен тартып балдарды оффлайн окутуу, мектептерди ачуу боюнча чечим каралып, азыр талкууланып жатат. Мектептерди ачууну 11-ноябрдан тартып баштасакпы деп убактысын карап жатабыз. Кандай режимде, кайсы класстар мектепке барып окуй турганы да сүйлөшүлүүдө. Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акимдер, губернаторлор жоопкерчилигин алса, комиссиялары чечим чыгарса, ар бир мектеп өз мүмкүнчүлүгүн карап чыккандан кийин оффлайн режимде окуу башталышы мүмкүн», - деди Үсөнбаев.

Эске салсак, Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары, бала бакчалар март айынан бери аралыктан иштеп жатат. 1-сентябрда мектепке оффлайн режимге 1-класстын окуучулары гана барган.

Белгилей кетсек, Октябрь айында парламенттик шайлоодон кийин 6-октябрда мектептерди ачуу тууралуу чечим кабыл алынганы менен, кийин бул чечимди Республикалык штаб токтотуп койгон.

Азыркы тапта бардык окуучулар онлайн режимде биринчи чейректи аякташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости