www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Өзгөн районунун жаңы акими болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурдагы башкы прокурор Курманбек Зулушевдин өкүл баласы шайланды. Бул тууралуу маалыматты президенттин м.а. Садыр Жапаров Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда аксакал айтты.
“Садыр, балам, сен акимдерди акчасыз жана коррупциясыз жумушка алам деп жатасың. Мен Өзгөн районунан келдим. Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун акимдери тааныш аркылуу алмаштырылды. Өзгөндө Зулушевдин өкүл баласы аким болду”, – деди аксакал.
Буга Садыр Жапаров кызматка жаңы дайындалган адамдар убактылуу гана иштешээрин айтты.
“Жаңы дайындалган кадрлар 2-3 ай гана иштешет. Реформалардан кийин бардык талапкерлер комиссия аркылуу тандалат. 3 ай күтө туруңуздар” – деди ал.
Эске салсак, Руслан Мейматкулов Өзгөн районунун акими болуп 21-октябрда дайындалган.
Булак: NazarNews.kg