www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Элдик революциялар элдин эсинде сакталат» деген темада тегерек стол болуп өттү. «Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы» кафедрасы уюштурган иш-чарада аталган жогорку окуу жайдын окутуучулары менен студенттери катышты. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы билдирди.

Аны ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов 7 - апрель - Элдик революциянын тарыхы боюнча илимий доклады менен баштады. Андан кийин ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов элдик революциянын жетилүүсү жана жеёиши тууралуу кеңири маалымат берип өттү. Ал эми окуу департаментинин башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Акбаралы Сатарбаев революциянын тарыхый себептери тууралуу илимий докладын окуду.

 "Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы”  кафедрасынын ага окутуучусу Маматкайым Кодолов «Аксы окуясынын тергөө иштеринин натыйжалары» деген темада баяндама жасап, укуктук баа берүүдөгү ойлорун ортого салды. Ал эми ага окутуучу Максат Жолдошов Март окуяларына илимий талдоо жүргүзүүдөгү көз караштарын билдирип өттү.

«Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы» кафедрасынын башчысы Төрөбай Насыров Элдик апрель революциясы жана Конституциялык реформанын 8-чи, 9-чу этаптары боюнча окуган илимий доклады катышуучулардын арасында кызыгууну жаратып, кызуу талкууларга себеп болду. Ушундан улам ал катышуучуларды кызыктырган түрдүү суроолоруна жооп  кайтарды.  Ошентип талкуулар менен уланган тегерек столдо студент жаштар  Март жана апрель революцияларынын маани-маңызы, Кыргыз мамлекети үчүн ээлеген тарыхый-саясый жана укуктук орду тууралуу терең түшүнүккө ээ болушту.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости