www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын эң алдыңкы кыздардан куралган “KeshYou” тобунун жаңы курамы жаңы ыр, клиби менен кошо эл алдына чыга келген. Аз убакыттын ичинде бирөөнү таң калтырып, бирөөнүн көңүлүнөн чыкпаган “Калай гана” аттуу жаңы ырынын клиб социалдык тармактарда кыраакы көздүү көрөрмандардын катуу сынына кабылды.  “Клипте, ырда да эч кандай маани жок. Рэп окугандары жарашпайт. Сөздөрү түшүнүксүз.

Жаңы курамдан чоң нерсени күткөнбүз, бирок өкүнүчүү... Баяндын иши ийгиликсиз, артка кетти!” деген түрдүү пикирлер көп айтылды. Бул пикирлерге топтун продюсери Баян Есентаева эч бир үн каткан жок... Ыр кандай жаралганын жана клип кандайча тартылганын да айткысы келбеди. Мындан да эң кызыгы биз ырды плагиат деп таптык. “KeshYou” тобунун “Калай гана” аттуу ырын тыңдаганда америкалык ырчы Ариана Гранддын “Focus” деген ырын уккандай эле болом. Балким, мен адашам... Окурмандар, сиздер да тыңдап салыштырып көрүңүздөрчү!?

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости