www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кумарканаларды ачуу мыйзам күч менен кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 21-апрелде өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Ыйык Рамазан айында ушул мыйзамды кабыл албасак болот эле. Эки гана жол бар эле. Ак үйдүн алкышын ала тургандар арбын болдубу же калың элдин каргышын ала тургандар калың болдубу, элибиз өзү электен өткөрүп алсын эми», — деп жазды Момбеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Аталган долбоорго 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы добуш берди.

Мыйзам долбооруна добуш берген депутаттардын тизмеси:

Эске салсак, долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости