www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров парламенттин 21-апрелдеги жыйынында кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон депутаттарды сындады.
Ал азыр ыйык Рамазан айы экенин эске салып, бул мыйзамга добуш берүү 6-чакырылыштын депутаттары үчүн эң жаман көрсөткүч болорун эскертти.
«Биринчиден аппараттын күнөөсү бар. Себеби мыйзам долбоору 8-апрелде талкуулангандан кийин ошол күнү регламент бузулуп, добуш берүү саатында долбоор добуш берүүгө кирбей калган. Ошондуктан, үч жума өткөрүп, ушул күнгө алып келген жолубузду оңдоп койсок болот. Добуш берүү ар бириңиздердин укугуңуздар. Азыркы добуш берүү 6-чакырылыштын эң жаман көрсөткүчү болуп калат. Эртең элдин арасына барып жүзүбүздү көрсөтө билели. Ошондуктан, бул мыйзамды кайра добушка коюп коюңуз», - дейт депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Рыскелди Момбеков кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбоору күч менен кабыл алынганын айтып чыккан.
Булак: NazarNews.kg