www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинен улам түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков 1997-2020-жылдары казылган алтындын көлөмүнө байланыштуу өкмөт эки башка маалымат берип жатканын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кумтөрдөн канадалыктар канча тонна алтын казып алды, азыр канчасы калды» деген суроо менен өзүбүздүн өкмөткө кайрылсам, ушундай эки жооп келиптир.

Калган алтындын запасы боюнча алардын бере турган жообун күн мурунтан эле билгем, анткени аларга Ак үйдөн айттырышканын ал жактагы ак жүрөктөр айтып коюшкан эле. Мейли аны тактап алсак болот, казыла элек, балким баланска алына элек. Бирок, урматтуу достор, катты жакшылап карасаңар. Бир катта канадалыктар казып алып кеткен алтын 409 тонна, дагы биринде 410,2. Демек, 1 тонна 200 кг алтын жок, туурабы? Ал деген азыркы баа менен болжолу 65 миллион доллар же кыргыз сому менен 5 миллиард 500 миллион сом. Башкача айтканда 100 жаңы салынган мектеп. Эми муну эмне деп айтышат болду экен? Катага шылтайбы же «каттага» шылтайбы…», деп суроо салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости