www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда, Түркиядагы ири бизнестердин өкүлдөрү менен жолукту.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Стамбул шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышууда.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встерчи с представителями крупного бизнеса Турции в рамках участия в Саммите Совета сотрудничества тюркоязычных государств (ССТГ)

Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды. Ал инвесторлорду колдоо жана укуктарын коргоо боюнча чаралар көрүлүп, чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар жана алардын демилгелери менен долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөрүн билдирген.

Представители крупного бизнеса Турции во время встречи с президентом КР Садыром Жапаровым в Стамбуле

Жапаров Кыргызстан түркиялык инвесторлордун Евразиялык экономикалык биримдигинин, Кытай менен башка коңшу өлкөлөрдүн рыногуна чыгуусу үчүн "терезе" болуп бере аларын белгилеп өткөн.

"Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргызстандын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири", — деген Жапаров.

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встерчи с представителями крупного бизнеса Турции в рамках участия в Саммите Совета сотрудничества тюркоязычных государств (ССТГ)

Ал эми Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Айдын Мыстачоглу жолугушууга түркиялык ири компаниялардын өкүлдөрү чогулганын билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жыл ичинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу 2020-жылга караганда көбөйгөн.

"Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар айлантууну жаңы деңгээлге чыгаруу ниетиндебиз", — деген Мыстачоглу.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости