www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-мартта Баткен облусундагы Самаркандек айылынын жергиликтүү тургундар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

«Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарынындагы жашоочулары туралуу маанилүү маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев баардыгына кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты.

Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып кетти.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын баса белгиледи. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости