www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупциялык жол жана мыйзам бузуу жолу менен берилген тоо кен лицензиясын алган компаниянын кызыкчылыгы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан органдар жогору коюп келет. Бул тууралуу жарандык активист Сапарали Бөрүбаев билдирди.

«Бүгүнк күндө Лейлектин жүрөгү болгон Козу-Баглан дарыясы жана Баткен районунун Ак-Суу дарыялры уулануу коркунучунда турат. Тургундардын негизги максаты, алар кылымдардан бери ичип келген дарыялар жана экологиясын түбөлүккө таза сактоо жана келечек муунга таза өткөрүп берүү.

Он жылдан бери жашоочулардын суусун жана экологиясын өтө кыйынчык жана милициянын мыйзамсыз кыйноо сурактары менен тосуп келет. Сатылган бийлик жана күч органдары токулма жасалма иштер менен элге жана мага сурак иштерин баштады. Коррупциялык жол жана мыйзам бузуу жолу менен берилген тоо кен лицензиясын алган компаниянын кызыкчылыгы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан органдар жогору коюп келет.

Сурак иштер элибизге жана мага башталды. Регионду чон экономикалык жана экологиялык зыяндан сактап калуу максатында жогорку бийлик окулдоруно Президентибизге жана Жалпы Кыргыз журтчулугун кайрылабыз. Элге жана бизге болгон мыйзамсыз сурактарды токтотсун. Жалпы баарыбыз Сууларыбызды жана эклогиябызды, байлыктарыбызды сактап калалы урматуу мекендештер», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости