www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Эльвира Сурабалдиева нөөмөттүк жана медициналык-санитардык бөлүктөрдү, атайын ашкананы, тергөө иштери жүрүп жаткан адамдар жаткан камераларды жана соттолгондордун турак жайларын кыдырган.
--"Жарандардын жашоо-шарты өтө начар. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери көптөн бери жүргүзүлбөй, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга келип, айыпталуучу жарандарга жана иштеген кызматкерлерге кыйын болуп жатат. Камералардын абалы начар. СИЗО-1ге жаңы имарат куруу боюнча ишти бир нече этапта күчөтүү керек", - деген Сурабалдиева.
Мындан тышкары, вице-премьер Саламаттыкты сактоо министрлигине мекемени "Тез жардам" унаасы менен камсыз кылуу маселелерин чечүүнү, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын акысыз негизде өркүндөтүүнү тапшырган.
Булак: NazarNews.kg