www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын урматына расмий кабыл алуу болду. Иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы жарыялады.

Расмий кабыл алуу иш-чарасына эки мамлекеттин делегация мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Өзбекстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Салтанат биргеликте сүрөткө түшүү менен коштолуп, баарлашуу мыкты маанайда өткөндүгү айтылат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Өзбекстанда мамлекеттик визит менен жүрөт. Кечээ, 11-мартта эки мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 20дан ашуун документке кол коюлду.

Бул Садыр Жапаровдун үчүнчү чет элдик сапары. Буга чейин өлкө башчысы Россияга жумушчу сапары менен, ал эми Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости