www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва РИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкерлери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Беловодск айылындагы түзөтүү мекемесине баңгизат киргизүүгө аракет кылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы айылдардын биринин тургуну, 1997-жылы туулган К.уулу Ж. аттуу жаранды кармашкан. Бул тууралуу ИИМ басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 4-февралында саат 22:40 чамасында Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан түзөтүү мекемесинин аймагына тыюу салынган нерселер ыргытылганы аныкталган. Посттор арасындагы техникалык жолдо кескин жыты бар күрөң түстөгү скотчко оролгон эки баштыкта зат табылып, анын салмагы 1 кг 640 граммды (марихуана) түзгөн.
Кылмышка шектүү качып кетүүгө аракет кылган, бирок түзөтүү мекемесине жанаша жайгашкан аймактын бардыгы ыкчам кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп, ал алыска качып кете алган эмес. Кармалган адам Баткен облусунун тургуну болгон.

Аталган факт Москва РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Түзөтүү мекемелериндеги режим – эркиндигинен ажыратууну аткаруу жана өтөө үчүн мыйзамда белгиленген тартипте иштейт. Баңгизаттарды түзөтүү мекемесине жеткирүү сатуунун катарына кирет жана бул коркунучтуу кылмыш аракет болуп саналат.

Айрым жарандар өздөрү тааныштарынын же тааныш эмес адамдардын өтүнүчү боюнча же акчалай сыйлык үчүн баңгизатты түрмөнүн тосмосунан ыргытууга аракет кылып, кылмыш жолуна баруудан мурун жакшылап ойлонушу керек. Анткени бул кылмыштуу аракет үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ал эми, баңгизатын ыргытып жиберген жаран жакын арада кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости