www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

FC мушкери Рафаэль Физиев Бишкекке келип, бүгүн өзү окуп кеткен ИИМдин академиясына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу бүгүн академиянын дене тарбия кафедрасы тарабынан уюштурулганы айтылды.

«Мушкер өзү окуган окуу жайдын мугалимдери, машыктыруучулары менен жолугуп, курсант кездеги кызыктуу окуяларды эскерди. Ал спорттогу жетишкендиктери жана алдыдагы пландары менен бөлүшүп, академиянын спорт залын көргөн», — деп жазылат маалыматта.

Мушкер жолугушуунун соңунда окуу жайдын кызматкерлери жана курсанттары менен эстеликке сүрөткө түшкөн.

Физиевдин Бишкектеги спорт клубдарда машыккан спортчуларга өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшкөн видеолору социалдык тармактарга жарыяланууда.

Спортчу Кыргызстанга 6-февралда келген. Бишкекте дагы он күнчө болоору айтылды.

UFC уюмунун жеңил салмактагы мушкери кыргызстандык Рафаэль Физиев өткөн жылдын 13-декабрында бразилиялык Ренато Мойкано менен чыгып, аны биринчи эле раундда нокаутка түшүрүп уткан.

Спортчу UFC уюмунда төрт ирет октагонго чыгып, удаасы менен үч беттешин жеңген. Ал жалпысынан ММА спортунда 10 жолу таймашка чыгып, тогуз атаандашын утуп, бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости