www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Үйдү электр кубаты менен жылытууга тыюу салындыбы?

Социалдык тармактын колдонуучулары аларга кышында үйдү электр кубаты менен жылытууга болбой турганын эскерткен квитанция келгенин айтып, бул боюнча жазылган кагаздын сүрөтүн чыгарышууда.

Анда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайып кеткенине байланыштуу жылытуу сезонунда электр кубаты менен иштеген жылыткычтарды колдонууга тыюу салынары жазылган. Ошондой эле мындай эрежеге баш ийбегендерге жеке лимит коюлары эскертилген.

«Түндүк электр» ишканасы мындай квитанциялар чындап эле айрым абоненттерге берилгенин тастыктады.

«Кышкы-күзгү сезондо электр энергиясынын дефицити жаралса аргасыздан ушундай чара көрүлөт. Мындай аракеттер Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу электр кубатынын дефицити жаралып калышы мүмкүн болуп жаткандыгына байланыштуу жасалууда. Ошол эле учурда энергетиктер жарык өчүп калбашы үчүн бардык күч аракетин жумшашууда», — дешти «Түндүк электр» ишканасынан.

Алар ошондой эле мындай чектөө электр энергиясынын үч фазалуу системасы кошулган абоненттерге тийиштүү экенин кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости