www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иштөөгө мажбур болгон балдардын саны азайбай келет

Кыргызстанда 5-17 жаштагы балдардын 27%ы ар кандай себептерден улам иштөөгө мажбур болушат. Нарын облусунда иштеген балдардын саны региондогу жалпы балдардын 40%ын түзөт.

Мындай маалыматтар улуттук статистикалык комитеттин 2018- жылдагы глобалдык КККИ (көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөө) программасынын алкагында жүргүзүлгөн иликтөөсүндө келтирилген. 

2021-жыл балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн эл аралык жылы деп жарыяланган. БУУнун башкы ассамблеясы бир добуштан 2021- жылды балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн эл аралык жылы деп жарыялаган резолюцияны кабыл алган жана аны ишке ашырууда эл аралык эмгек уюмун жетекчилик кылууга чакырган. «Акыркы жыйырма жыл ичинде балдардын эмгегине каршы күрөш масштабдуу деңгээлде жүрүп жатат. 

Ошого карабастан, дүйнө жүзү боюнча 152 млн. бала дагы деле иштеп жатышат. Бул багыттагы аракеттерди мындан ары дагы күчөтүшүбүз керек экендиги талашсыз» деди эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) негизги принциптер жана жумуштагы укуктар бөлүмүнүн башчысы Беате Андрес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости