www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү жана майлоочу майлардын аткезчилик жол менен ташылганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, 1-мартта Баткен облусунун Лейлек районунан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен 4 жүк ташуучу унаа кармалды.

«Такталган боюнча, кармалган унаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын аты-жөнүн тактаган документтери болгон эмес. Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон.

Белгилей кетсек, коңшу республикалардын биринин жарандарына таандык кармалган унаалар аткезчилик ишин жашыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик номерлерин мыйзамсыз колдонушкан. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкөдөн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынганына байланыштуу республика боюнча аткезчиликке каршы жигердүү күрөшөбүз», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости