www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май айынын аягына чейин Кошмо Штаттарындагы жашы жеткен ар бир америкалык коронавируска каршы эмделиши керек. Бул тууралуу президент Джо Байден 2-мартта билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Байден июлдун аягына чейин америкалыктарды толук эмдеп бүтүү планын мелжеген болчу. Коронавирустун жаңы штаммы тарап жатат деген тынчсыздануудан улам АКШ бийлиги эмдөөнү тездетип жатат.

АКШда учурда коронавируска каршы үч вакцина каттоодон өткөн. Бир гана жолу эмдөөгө ылайыкташкан Johnson & Johnson препараты өткөн аптада катталды. Бул кадам менен Кошмо Штаттардагы эмдөө иштери тездейт деген ишеним бар.

АКШнын саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрү америкалыктарды эрежелерди так сактоого чакырып, пандемиянын жаңы толкуну вакцинация кампаниясынын жыйынтыгын жокко чыгарышы мүмкүн деп эскертүүдө. Бирок бир катар штаттар чектөөлөрдү жеңилдетип жатат. Калк жыш жайгашкан Техастын бийлиги 2-марттан тартып беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирген режимди жеңилдетүү ниетин билдирди.

«Британ штаммы» деп аталган коронавирустун мутацияланган түрү Европа сыяктуу эле АКШда да жайылып кетет деген тынчсыздануу бар. Европанын бир катар мамлекеттери вирустун жаңы түрүнүн жайылышынан улам жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө.

Ошондой эле, COVID-19 вирусунун Бразилияда катталган түрү да учурда дарыгерлерди камтамага салууда. Учурда бул штамм дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө аныкталды. Бразилия ушу тапта пандемиянын эң оор кесепеттерин башынан өткөрүүдө. 2-мартта бул өлкөдө вирус кесепетинен рекорддук сандагы 1641 адам көз жумду.

Окумуштуулар Бразилия штаммы бир ооруп айыккандар кайрадан жугузуп алуусу күч вирус экенин эскертишүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости