www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты, анын ичинде энергетика, транспорт жана өнөр-жай тармагындагы кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Улукбек Марипов жана Михаил Мишустин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, өлкөлөр ортосундагы соода жүргүзүүнүн оңдуу динамикасын жана экономикалык активдүүлүктүн ырааттуу калыбына келтирилишин канааттануу менен белгилешти.
«Биз ушул жылдын январь-июнь айларында 1 млрд 5,5 млн долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5 пайызга көбөйгөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даярбыз», – деди Улукбек Марипов.
Ошондой эле, суйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Россиянын Кайчылаш жылынын жыйынтыктарын жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.
Өз кезегинде Михаил Мишустин белгилегендей, россиялык тарап эки өлкөнүн мамилелери ырааттуу өнүгүүсүнө кызыкдар жана коронавирус пандемисынан улам киргизилген чектөөлөргө карабастан Кайчылаш жыл алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды уюштурууга мүмкүн болду.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасындагы орус тилинин расмий статусунун чоң маанисин белгиледи, анын пикиринде, бул улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакка оң таасирин тийгизет.
Булак: NazarNews.kg