www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибан Ооганстанда террордук топтордун өнүгүшүнө жол ачат. Мындай пикирди Вашингтон Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат айтты.
--"Борбор Азия үчүн коркунуч эмнеде? Талибан 1990 -жылдардагыдай эле, эми Ооганстанда террордук топтордун өнүгүшүнө жол ачат. Алар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ, “Аль-Каида” сыяктуу дагы бир нече чакан топтор. Бирок бул дагы бүдөмүк маселе.
Анткени Талибандын алгачкы билдирүүлөрүнөн улам алар саясатты мурдагыдан башкача жүргүзүүнү каалап жатканын байкасак болот. Алар эл аралык коомчулуктун алдында дагы бир жолу куугунтук жеп калбаганга аракет кылышат. Талибан кыймылы Ооганстанда террордук топтордун жайылышына тыюу салат деген сөз чындыкка дал келбеши мүмкүн. Муну убакыт көрсөтөт. Бирок Талибан кыймылы Борбор Азияга түздөн-түз аскердик коркунуч туудурбайт", - дейт профессор.
Булак: NazarNews.kg