www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан 17-июлда Кыргызстанга коронавируска каршы гуманитардык жардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын жиберген.
Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова бул вакциналардын колдонуу мөөнөтү августтун аягында бүтөрүн "Азаттыкка" билдирди.
"Азербайжандан келген вакциналарды августтун аягына чейин толук колдонбосок, колдонуу убактысы бүтөт. Бүгүнкү күнгө чейин 10 миңдей дозасы сайылды. Калганын ай соңуна чейин колдонобуз. Ал эми COVAX программасы менен келген 220 миң доза AstraZeneca вакцинасын октябрга чейин колдонуу керек".
Ошондой эле Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары QazVac вакцинасынын 25 миң дозасын берген.
Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Жалпы эмделгендер 946 миңден ашты.
Булак: NazarNews.kg