www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словакиянын батыш тарабындагы Нитра шаарына жакын жерде катталган чоң автокырсыктан 13 адам каза болду. Анын ичинде 4 кичинекей бала бар. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, жүк ташуучу чоң унаа окуучуларды ташуучу автобус менен кагышып, автобус жолдун четине учуп кеткен. Автобустагы окуучулар окуудан үйлөрүнө кайтып келе жаткан. 

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кырсыктан окуучу балдардын төртөөсү каза болуп, 17си жаракат алган.  Словакиянын премьер-министри Петер Пеллегрини авто кырсыктан улам Кипрге бара турган сапарын токтотуп койгон.  “Мен каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Жаракат алгандар жакшы дарыгерлердин колунда деп ишенем. Бул өлкөнүн тарыхындагы эң жаман авто кырсык”, -дейт премьер-министр Петер Пелегрини.

Мектеп окуучуларын ташыган автобуз жолдун чекесине учуп кеткен

Кырсыктан 4 мектеп окуучусу каза болду

Жалпы 12 адам каза тапты 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости