www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселсин түшүндүрүү боюнча Баткен облусуна барды. Анда төрага жергиликтүү тургундар менен жолугуп, бир топ суроолорго жооп берди.

«Эч ким эч кимге тийишпейт, бири-бириңер менен урушпайсыңар. Коңшу тараптын укук коргоо органдары, биздин укук коргоо органдарыбыз менен макулдашуу жүргүзгүлө, өз алдынча бир нерселерди жасай бербегиле. Шашпагыла, мамлекет бар, мамлекет чечет. Бул жер мамлекеттики! Биз көп болсо 50 жыл жашайбыз, мамлекет миң жылдап калат. Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийиш керек, негизгиси уруш-талаш чыгарбагыла», - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости