www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаровго мүмкүнчүлүк беришибиз керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Бизде октябрь окуяларында эл ушуга чейинки президенттердин катачылыгынан чыгышты. Эл бир дагы бийликке келген адамга ишенбей калган. Анан эл арасынан, элдин көйгөйүн түшүнгөн, талабын, үмүтүн аткара турган бир лидер чыгабы деп самап жүрүшкөн. Ошондо “жоопкерчиликтин баарын өзүм алам” деп Садыр Жапаров чыкты. Ушундай муктаж болуп турган коомчулук дароо Садыр Жапаровду колдоп, президент кылышты. Ошондуктан азыр ага убакыт берип, күтүп турушубуз керек. Мына көп өзгөрүүлөр башталды. Баш мыйзамды даярдадык, мен дагы Конституциялык кеңешменин мүчөсүмүн. Аксакал катары туура эмес кетип бара жатса түз эле айтабыз”, - дейт Ашыралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости