www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагестанда 15-20 июль күндөрү СССРдин спорт чебери Магомед Гамзаевдин жаркын элесине арналган 18-ирет өтүп жаткан РФнын класс "А" турниринде 4 кыргыз мушкери финалдык беттешүүгө чыкты. Алардын ичинен "ЕРЕМ" спорт клубунун эл аралык класстагы спорт чеберлери катышып, кыргыз элин кубанта турган байгелүү орундарды алды. Бул тууралуу маалыматты "ЕРЕМ" спорт клубунун жетекчиси Шайлообек Атазов билдирди.

--Саламатсызбы, кыргыз элин кубанткан жаңылыктар бар экен куттуктайбыз. Маалыматтарга таянсак “ЕРЕМдин” жигиттери атаандаштарынын далысын татамиге талыта чааптыр деп уктук...

--Ооба, жакшы жаңылыктарыбыз бар. Кыргызстанда жана кыргыздарда чоң жетишкендиктер болуп турушу керек. Дагестанда 15-20 июль күндөрү СССРдин спорт чебери Магомед Гамзаевдин жаркын элесине арналган 18-ирет өтүп жаткан РФнын класс "А" турниринде 4 кыргыз мушкери финалдык беттешүүгө чыкты. Алардын ичинен "ЕРЕМ" спорт клубунун эл аралык класстагы спорт чеберлери катышып, кыргыз элин кубанта турган байгелүү орундарды алды. Алсак, Туркбай уулу Мирлан жана Азат Үсөналиев 1-орунду ээлеп Кыргызстандын намысын коргошту. Бүткүл россиялык класс "А" турниринде Кытай, Азербайжан, Греция, Украина, Россия, Кыргызстан өлкөлөрүнүн мыкты мушкерлери катышып, күч сынашты.

Ал эми бизди кубантып турганы "ЕРЕМ" спорт клубунун таланттуу мушкери "эл аралык класстагы спорт чебери" Өмүрбек Малабеков өзүнүн таймашууларында мыкты техникасын, чеберчилигин көрсөткөндүгү үчүн жергиликтүү күйөрмандар тарабынан кызуу колдоого алынып, ар бир беттешүүсүндө кол чаап колдоп  турушту. Улуттук курама команданын мүчөлөрү Темирлан Осмонов 2-орунду ээледи.

--Алты өлкө камтыган турнирде спорттун кайсы түрлөрү боюнча таймаш болду?

--Алты өлкө жана бүткүл Россиянын 20 шаар, округдарынан катышкан 5 күндүк турнирде эң мыкты бокс техникасын, таймашуунун таза чеберчилигин көрсөткөндүгү үчүн кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков бааланып атайын кубок менен сыйланды. Күйөрмандар тарабынан кыргызстандык мушкерлер 69 кг салмакта Маматалы уулу Нурсултан, 75 кг салмакта Жаркын Туратов, 81 кг салмакта Айтбек уулу Таалай жарым финалга чейин үчтөн  беттешүү өткөрүп утулуу ызаасын алышты. Кыргызстандан жалпы 8 мушкер барып, 2 алтын 2 күмүш медаль өлкөбүз Кыргызстанга келди.

--Шайлообек мырза, спортсмендерге каражат көп кетет, алардын тамак-ашы, баскан турганына ким демөөрчүлүк кылат?

--Дагестанда өткөн мелдешке, тамак-аш жатаканасына дегеле баардык чыгымдарга демөөрчүлүк кылган мекенибиздин патриот уулу Райымбек Матраимовго машыктыруучулар жана мушкерлер тарабынан терең ыраазычылык билдиребиз.

--Алдыда дагы турнирге сапар барбы?

--Албетте, сентябрь айында Екатеринбург шаарында Дүйнө Чемпионаты өтөт. Бул дүйнөлүк мелдешке өлкөбүздүн курама командасындагы мыкты спорт чеберлери катышуу үчүн даярданып жатышат. Кудай буюрса, дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстаныбызга дагы да алтын, күмүш медалдар келет деген үмүттөбүз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости