www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азиз Суракматов жетектеген Бишкек мэриясы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнү пландап, бааны жогорулатуу боюнча токтомунун долбоорун токуп Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберишти. Бишкек деген борбор, 2010-жылы Данияр Үсөновдун өкмөтү тарифтерди көтөрөм деп, азыр Даниил Урицкий болуп дайнын таппай жүрөт. Азиз Сураматов президенттин акеси Жусупбек Шариповдун кайын-журту Асылбаштан болсо эле тарифтерди көтөрө берсинби?
Суракматов тургундар үчүн суунун тарифин -8,10 сомго, канализация үчүн - 2,30 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул көрсөткүч бюджеттик ишканаларга 9,10 сом (суу) жана 3 сомду (канализация) түзмөкчү. Суракматовдун мындай кадамы көпчүлүк шаар тургундарынын, айрыкча эптеп - септеп пенсия алган, анысын коммуналдык кызмат акылар менен дары - дармектерине араң жеткирип, өлбөстүн күнүн көрүп жаткан кары - картаңдардын нааразычылыгын гана жаратары бышык.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»