www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын чыгаан уулу, калеми гана эмес өзү дагы курч Улан Эгизбаевдин жашоо менен кош айтышканына бир жыл толду. Уландын жубайы Сапаргүлдүн эскерүүсүн окурмандарга сунуштайбыз.

-Ысык-Көлгө барып эс алып келели,- деди курбу кызым.

-Жок,- деп шашыла жооп узаттым...

Бир кезде сагына, кусалана барган Көлүм бүгүн мага өгөй да, чоочун да сыяктуусуң. Кечире алсаң кечир мени, мен да сени кечирген күнү сага барам. Акыркы жолу «Эми бир жолу сууга тушуп келейин, анан балык жегени баралы»,- деп, жылмайган бойдон көл тарапка кеткенсиң... Күткөн бойдон калгам...

Андан бери азаптуу бир жыл өттү.. Карылуу, эмгекчил колдоруң менен жетелеп кетчүдөй күткөн, ишенбеген, кабыл албаган, сагынычка толгон бул жыл- өмүрүмдүн эң оор жылы болду...

Белек талпынып, кадам таштаганга аз калды. Караңгы күндөргө кооз боёк берип, сеникине окшош курч карашы менен татыктуу жашашым керек экенин күн сайын эстетип, үмүт берип, кадимкидей чыйралтып турат. Дагы бир жүрөгүмдү жылыткан нерсе, ЭЛиң сени текши сүйөт, урматтайт. Ошон үчүн дагы арабызда түбөлүк жашай бересин, Улан!

Жубайың, Сапаргүл Абдинабиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости