www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаковду татырактатып бийлетпей камап коюшту. Абылгазиевдин оюна койсо Сапар Исаковду эч качан камамак эмес. Анын камалышына ал эмес Абылгазиевдин “серый кардинал” жээни Дүйшөн Ирсалиевдин да алы жеткен жок. Жээнбеков Атамбаев беле  Дүйшөн Ирсалиевдин сөзүн уккан. Жакында Дүйшөн Ирсалиевдин эжеси, Абылгазиевдин апасынын көзү өттү. Жаткан жери жайлуу болсун!

Абылгазиев эми сыналгыга чыгып “Менин айлым” деген долбоор укмуш, ар бирибиз кичи мекенибизге жардам берели деп калыптыр. Жардам берген Сапар Исаковбу? Атасы Жумакадырдын көзү өткөндө ал таасирлүү жерде иштөөчү. Ал кездеги президент Атамбаев баш болгон мамлекеттик кызматкерлер сойлоп жетип барышты. Канча чоң иштерде иштесе да, Кичи мекени Кочкорго Сапар Исаков түкүрүп да койбоптур, түнү менен ДЭУдан келгендер шагыл төгүп жолун оңдоп, РЭСтен келгендер жарыгын оңдоп жатып калышкан. Алардын акчасын бергенин кудай билет.

Эми кочкорлук акеси Абылгазиев апасынын көзү өткөндөн бери “Менин айылым” деп калыптыр. Кочкорго жакын Сапар Исаковдун Теңдиги темселеп жатса, жердин түбүндөгү Абылгазиевдин Дөң-Алышы менен Комсомолун ким карайт эле? Андан көрө Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевди карап,  миллиондорду берип турса, өз кишилерин бийликке алып келүүгө өбөлгө түзөт эмеспи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости